Редакцияот 13.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАРАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

 

2020-жылдын 13-марты №36-9

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сарыкаңды айылынын Дедекбүү участкасынын тургуну Олчинова Зайнаптин жер тилкесин жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сарыкаңды айылынын Дедекбүү участкасынын тургуну Олчинова Зайнаптин жазган арызына негиз өзүнө караштуу 20 сотых жер аянты 2002-2003-жылдардагы жалпы системалык каттоого катталбай калгандыгын карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКОМ КЫЛАТ

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сарыкаңды айылынын Дедекбүү участкасынын тургуну Олчинова Зайнаптин жазган арызына негиз 20 сотых жер аянты 2002-2003-жылдардагы жалпы системалык каттоодон өтпөй калгандыгына байланыштуу, жеке менчигине бекитилип берилсин

2. Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Туманов