Редакцияот 07.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

Орловка шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII кезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 7-июну № 108/17-27

Жеке мал доктурдун иш-аракеттери жана баалары жөнүндө

 

Жеке мал доктур С.Сыдыковдун иш-аракеттери жана баалары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле аткарып аткан кызматтарга салыштырмалуу жогорку баа боюнча Орловка шаарынын тургундарынын көптөгөн арызданууларын угуп, Орловка шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке мал доктур – С.Сыдыковдун маалыматы эске алынсын.

2. Жеке мал доктур – С.Сыдыков менен түзүлгөн келишимди кайра карап, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн бааны азайтууну эске алуу менен Орловка шаарынын мэриясына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.С.Сарбаев