Редакцияот 07.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII кезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 7-июну № 113/17-27

2019-жылга Кемин районун өнүктүрүү фондуна кайрылуу (долбоорду) берүүнүн эсебинен "Подгорный айылдын жашоочуларын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу" артыкчылыктуу долбоорун таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэри – Б. А. Чанчаровдун берилген кайрылуу (долбоорду) була-оптикалык кабелди тартуу жана илүү курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу боюнча кызматтарын Подгорное айылынын бала бакчасына жана тургундарына Интернет желеси менен камсыз кылуу үчүн маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Подгорный айылынын тургундарын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу долбоорду артыкчылыктуу долбоор деп эсептелсин.

2. Демилгелүү топ бекитилсин (№1 тиркемеге ылайык).

3. Орловка шаарынын мэриясына Кемин районунун Өнүктүрүү Фондуна бул долбоорду кошо каржылоо үчүн 300,0 миң сом көлөмүндө кайрылуу(долбоорду) даярдоо жана берүү тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – Л.А.Абасовага жүктөлсүн. 

 

Төрага

Д.С.Сарбаев