Редакцияот 27.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2019-жылдын 27-августу № 1

Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясын өткөрүү үчүн 2019-жылдын 27-август күнү саат 9-00 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясын өткөрүү үчүн 2019-жылдын 27-август күнү саат 0900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.

2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айыл аймагынын жооптуу катчысы А.Т.Кудайбергеновага жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ы.Ж. Эрмаматов