Редакцияот 27.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2019-жылдын 27-августу № 2

Депутаттын мандатын чакыртып алуу жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты Карыбеков Бактияр Имамидинович өз каалоосу менен депутаттык мандаттан баш тарткандыгы жөнүндө арызын карап чыгып Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин  VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин депутаты Карыбеков Бактияр Имамидиновичтин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу жөнүндө арызы эске алынсын.

2. Б.И. Карыбековдун арызын канааттандыруу боюнча маселе Чоң-Алай райондук Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ы.Ж. Эрмаматов