Редакцияот 15.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы

2019-жылдын 15-июну №1

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Кγнгѳй бѳлγмγндѳгγ Халфа-Ата дыйкан чарбасынын мγчѳлѳрγнγн γлγш жерлерин инвентаризация жγргγзγлгѳндѳ аныкталган 0.91га жер аянтын Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштрγγ фонд жеринин эсебине алуу жѳнγндѳ

Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган “Халфа Ата” дыйкан чарбасынын мγчөлөрγнγн Кγнгѳй бѳлγмγндѳгγ сугат айдоо жердеги жер γлγштөрγнγн инвентаризациялоо убагында аныкталган 0.91 га артыкча жер аянтын Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жерине алуу маселесин карап чыгып Кыргыз Республикасынын “жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ “ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында уюштурулган “Халфа Ата” дыйкан чарбасынын мγчγлγрγнγн Кγнгѳй бѳлγмγндѳгγ сугат айдоо жердеги жер γлγштγрγн инвентаризациялоо убагында аныкталган 0.91 га артыкча жер аянты Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жер эсебине алынсын.

2. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жер эсебине алынган жер аянтын ѳз багыты боюнча пайдалануу аукцион негизде ижарага берγγ жагын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Имамов