Редакцияот 04.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(6 – чакырылышы) кезектеги ХXV – сессиясы

2019-жылдын 19-ноябры №4

Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2019-жылдагы 10 айлык отчету жана 2020-жылдын божомол бюджетин, иш-планын, таксасын бекитүү тууралуу

Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2019-жылдагы 10 айлык отчету жана 2020-жылдын божомол бюджетин, иш-планын, таксасын бекитүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2019-жылдагы 10 айлык иштери, отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ынтымак” жайыт комитетинин 2020-жылдын божомол бюджети, иш-планы, таксасы бекитилсин.(тиркеме-тиркелет)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеёешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Абдикулов