Редакцияот 27.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы

2019-жылдын 27-августу №66

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну Арзикулов Рахимжондун өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 26.11.2002-жылы №11-174 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Арзикулов Рахимжондун Чет-Кызыл айылындагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 26.11.2002-жылы №11-174 сандуу токтому менен турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.Каламбеков