Редакцияот 27.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы

2019-жылдын 27-августу №70

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну Эргешов Сайиттин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 23.05.2003-жылы №6-127 сандуу токтому менен 28-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Эргешов Сайиттин Курук-Сай участкасындагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 23.05.2003-жылы №6-127 сандуу токтому менен 28-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.Каламбеков