Редакцияот 27.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы

2019-жылдын 27-августу №74

Кара-Бак айылынын тургуну Шарапова Уулжандын арызын кароо жөнүндө

Кара-Бак айылынын тургуну Шарапова Уулжандын көп жылдан бери пайдалангандыгын эске алып 0,10 га жер аянттын жеке менчик турак-жай куруу үчүн бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылынын тургуну Шарапова Уулжандын көп жылдан бери пайдаланып келе жаткан Курук-Сай участкасындагы 0,10 га жер аянттын жеке менчик турак-жай куруу үчүн бекитип берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.Каламбеков