Редакцияот 27.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы

2019-жылдын 27-августу №78

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынан Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кызыл-Бел айылдык коомдук тартипти сактоо үчүн Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кызыл-Бел айылына бөлүнгөн кызматкерлерине шарт түзүп берүү максатында  Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Бел айылындагы маданият үйүнүн күн чыгыш тарабынан 0,03га жер аянты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерин даярдап берүү жагы Кара-бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.Каламбеков