Редакцияот 27.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясы

2019-жылдын 27-майы №1

Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 8- майындагы №59 токтому менен дайындалган Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын шайлоо боюнча ѳткѳрүлгѳн шайлоонун жыйынтыктарын карап чыгып “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо боюнча ѳткѳрүлгѳн шайлоонун жыйынтыгы боюнча 31 депутаттан 28 добуш алган Рузалиев Нодирбек Зокиржонович Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлансын.

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

 

А.Имамов