Редакцияот 09.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XVIII чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы

2019-жылдын 9 –октябры №4/3

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттен пайдаланылбай калган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын керектелүүчү статьяга жылдыруу жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын токтому № 8/1 24-декабрь 2018-жылдагы жергиликтүү бюдеттин аппарат бөлүмүндөгү статья 3111 сооруженияга каралган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу керектелүүчү статьяларга төмөндөгүдөй бөлүнсүн.

•    Айыл өкмөтүнүн имаратына кабельный интернет киргизүү үчүн - 68 800 (алтымыш сегиз миң сегиз жүз) сом

•    Айыл өкмөтүнө компьютер алуу үчүн -30 200 (отуз миң эки жүз) сом

•    Түшүм майрамын өткөрүү үчүн - 40 000 (кырк миң) сом

•    Баш-Кайыңды жана Большевик айылдарынын табличкасы жок көчөлөрүнө табличка жасатуу үчүн - 36 000 (отуз алты миң) сом

•    Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы орто мектебине видое камера алуу үчүн -25 000 (жыйырма беш миң) сом

2.  Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                            Ж.Асеков