Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 2
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын IV кварталында аткарган иштери боюнча айыл өкмөт башчысы У. Керимкуловдун отчету
Каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У. Кернимкуловдун 2018-жылдын IV кварталында аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт. 2018-жылга эң негизги пландаган төмөндөгү иштер аткарылбаган. Б. Өмүшова атындагы балдар бакчасы ушул мезгилге чейин башка типтүү имаратка көчүрүлгөн эмес. Айыл ичиндеги эски столбалардын ордуна алынып келинген столбалар алмашылып коюлган эмес.
Ошого байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы У. Керимкуловдун 2018-жылдын IV кварталында аткарылган иштер боюнча берген отчету боюнча айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын IV кварталында аткарган иштери эскертүү менен кабыл алынсын.
2. Жогорудагы аткарылбаган иштери боюнча иш аракеттерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ө.Мамадалиев |