Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

2018-жылдын 31-октябры ПЖ № 222

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамында:

Н.А.Касымбеков, Г.У.Калиева, А.А.Айылчиев курамдан чыгарылсын;

Боронбаева Дильфуза Салимовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы; Абиров Жаныбек Болотбекович - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Мурзалиева Жыргал Нуржановна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти киргизилсин;

"Исмаилов Анарбек Касымович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары" деген позициядагы "- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков