Редакцияот 28.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 28-августу ПЖ № 109

Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

Аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:

"Даңк" медалы менен:

 

Мукамбетов Руслан Мустафаевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги, полковник;

Мусуралиев Азат Алаевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара заставасынын начальниги, улук лейтенант;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Аристокиев Айбек Джаныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири, гвардиянын капитаны;

Белеков Уларбек Эрикович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири, капитан;

Касманбетов Жаныбек Джумаевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги, полковник;

Садиков Рустам Исмаилжанович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги, подполковник;

Тайкара уулу Абылкасым

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы, кенже сержант.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков