Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 293 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2019-жылдын 21-июну ПЖ № 87

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 24-декабрындагы № 253 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамында:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Сыдыков Аскар Куттубекович

-

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);";

он экинчи, он төртүнчү, жыйырма бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков