Редакцияот 05.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 5-февралы ПЖ № 22

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Ош облусунун, Бишкек шаарынын, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдыразаков Нурлан Тажибаевич;

Акыев Каныбек Арзыбекович;

Акылбеков Тариэл Назирдинович;

Жантороева Элнура Мурадиловна;

Жоробаева Гульнархан Чырмашовна;

Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович;

Мамыров Эльдарбек Джекшебаевич;

Мусаева Айке Рахманбердиевна;

Султанов Эсенбек Ахматкулович;

Тилемишов Азамат Жайчыбекович;

Токтосунов Надырбек Ташмурзаевич;

Чикеева Жамиля Марсбековна;

Эгембердиева Ойниса Муратхановна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков