Редакцияот 27.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 25-апрели ПЖ № 79

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү райондор аралык сотторго жиберилсин:

- Ош облусунун

Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;

- Ысык-Көл облусунун:

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;

Тагаев Мелис Муктарович;

- Баткен облусунун:

Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;

Туленбаев Таирбек Абдумаликович;

- Талас облусунун:

Ибраимов Темирбек Маданбекович;

Нартаев Нурман Канатбекович;

- Нарын облусунун

Чагалдакова Махабат Бекболотовна;

- Бишкек шаарынын

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков