Редакцияот 11.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 11-июну ПЖ № 98

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер жөнүндө сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Каримова Рахат Абдылдаевна курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков