Редакцияот 23.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 23-июну ПЖ № 135

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын төмөнкү жергиликтүү сотторуна которулсун:

- Бишкек шаардык сотуна:

Азимжанов Мадамин Низамидинович Баткен облустук сотунан;

Динеев Мирад Сагынбекович Чүй облусунун Чүй райондук сотунан;

Омуралиева Анара Медербековна Ысык-Көл облустук сотунан;

- Биринчи май райондук сотуна:

Айдаралиева Венера Калмуратовна Талас облусунун Манас райондук сотунан;

Акылбекова Джамиля Дилдебековна Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан;

Бекенов Туратбек Орозбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунан;

Бекишова Махабат Таныбековна Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунан;

Болотбаев Мелис Жаныбекович Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунан;

Жумагулова Жылдыз Таалайбековна Талас облустук сотунан;

Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунан;

Медеров Азирет Баратович Талас облусунун Талас шаардык сотунан;

Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна Чүй облусунун Панфилов райондук сотунан;

Сатарбек уулу Мирбек Чүй облусунун Кемин райондук сотунан;

Сатимкулов Убайдулла Акилбекович Ысык-Көл облустук сотунан;

Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович Чүй облусунун Жайыл райондук сотунан;

Уметалиева Чолпонай Маматовна Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунан;

Эсенгулова Асел Токтакуновна Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунан;

- Ленин райондук сотуна:

Бердыбаев Бакбуркан Асанканович Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунан;

Иманалиева Айнура Касымбековна Талас облустук сотунан;

Калыбеков Урмат Анварбекович Нарын облусунун Нарын райондук сотунан;

Усупбекова Назира Токтомуратовна Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунан;

- Свердлов райондук сотуна:

Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан;

Алымкулов Айдарбек Бекишович Бишкек шаарынын административдик сотунан;

Мамбетов Элдияр Асантурович Нарын облусунун Кочкор райондук сотунан;

- Октябрь райондук сотуна:

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич Бишкек шаарынын административдик сотунан;

Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна Талас облусунун Талас райондук сотунан;

Эгембердиева Ойниса Муратхановна Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунан.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков