Редакцияот 09.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 9-октябры ПЖ № 188

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

1. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүгө багытталган көп жылдык, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн:

 

ыйгарылсын:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" деген ардак наам

Бекиева Дильбар Жапаровнага

-

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык врачына;

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардак наам:

Абдрахманова Чолпон Садырбековнага

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын башчысына;

Абдысадыр уулу Азатка

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысына;

Дыйканбаев Курманбек Сапаровичке

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө;

Орозалиев Акылбек Атабековичке

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысына;

Стамалиева Толгонай Турдалиевнага

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысына;

Сыдыков Данияр Батыровичке

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысына;

Эсеналиев Досалы Акпаралиевичке

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине;

"Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардак наам

Молдалиев Ыдырыс Мусаевичке

-

пенсионерге;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Абилов Улан Женишович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Алиев Майрамкалы Исаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын "Автотранспорт ишканасы" мамлекеттик мекемесинин айдоочусу;

Аттокур уулу Илимбек

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн инспектору;

Букамбаева Айсулуу Жаныбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Буржуев Азамат Чолпонбекович

-

"Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Джаманбаев Муса Мураталиевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары - протокол секторунун башчысы;

Досматов Камчыбек Султанмуратович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Жестовская Ольга Геннадьевна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун башкы адиси;

Иманалиев Данияр Шаршенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Исабаев Санжар Мамадиярович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы;

Керимжанов Алтынбек Джамалбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн кадрлар секторунун башчысы;

Мансурова Наргиза Аскаровна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Матисаков Каныбек Анарбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын эксперти;

Мурзаканов Санжар Равшанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Сатиев Улан Алибаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;

Толтоев Эрнис Мукашбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы.

2. Ушул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков