Редакцияот 11.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 11-июну ПЖ № 105

Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларын жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2020-жылдын 6-июлунан тартып Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төмөнкү судьялары жиберилсин:

Джоошбеков Алмазбек Нарынкулович;

Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевна;

Темирбекова Аида Абдрахмановна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков