Редакцияот 06.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 6-апрели ПЖ № 84

К.Т. Умоталиев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1 жана 2 бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Умоталиев Кубаныч Токтомуратовичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызмат ордунан 2021-жылдын 23-мартынан тартып бошотулду деп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров