Редакцияот 30.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2021-жылдын 30-апрели ПЖ № 105

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1.Курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:

- Аккозуев Талант Ниязакунович;

- Есекеев Керезбек Суеркулович;

- Илиязова Назгуль Асанбековна;

- Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;

- Момуналиев Адис Жолдошбекович;

- Чериков Нурлан Кийикбаевич;

- Эсеналиев Нурбек Канатбекович;

- Койлубаев Алмаз Абдракунович;

- Умуркулов Таалайбек Асканович;

- Шарипбай уулу Керимбек.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С. Н. Жапаров