Загрузка документа…
2-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 302 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Президентинин 2021- жылдын 17- ноябрындагы № 523, 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 146 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
3. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү болот.
4. Аппараттын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Аппарат полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в области".
Юридикалык дареги: _____________________________________________________.
2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги милдеттери жана функциялары
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын негизги милдеттери ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин уюштуруучулук, укуктук, эксперттик-аналитикалык, маалыматтык жана башка жактан камсыздоо болуп саналат.
6. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты негизги милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү негизги функцияларды ишке ашырат:
1) облустун чегинде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын аткарууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларынын мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылышына системалуу түрдө мониторинг, талдоо жүргүзүү жана контролдоо;
3) облустун ресурстарын өстүрүүнүн туруктуу механизмдерин түзүү боюнча сунуштарды даярдоо менен облусту комплекстүү өнүктүрүүгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
4) ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер, эл аралык жана башка уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыз кылуу;