Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 7
«Жайыт салыгынын бюджетин бекитүү жөнүндө»
Май айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт салыгынын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын жайыттынын бюджеттик киреше бөлүгү жайытка барган малдардын санына жараша түшкөн акча каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. 2017-жылдагы жайыттын бюджеттик кирешелер 15,0 миӊ сом жана чыгашалар 15,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Май айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Май айыл кенеши 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 33 –токтомунда малдарга бир жылда бир жолу төлөнүчү айыл ичиндеги жайыт салыгы төмөнкүдөй:
Ири мүйүздүү малга бир баш үчүн – 30 сом
Кой-эчкилер бир баш үчүн – 10 сом
Жылкы бир баш үчүн – 30 сом
5. Май айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасына төлөө жагы милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеӊешинин бюджет-экономика тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О. Абдрахмановго тапшырылсын.
Төрага | И.Өзүбеков |