Редакцияот 24.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2020-жылдын 24-июлу ПЖ № 152

Эрнис уулу Айбек жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде токтом кылам:

1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Эрнис уулу Айбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 20-июлунан тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков