Редакцияот 16.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 16-августу ПЖ № 345

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын өркүндөтүү жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.  Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1)  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 161 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгы;

2)  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 226 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жайгашкан ордун белгилөө тууралу” Жарлыгы;

3)  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-майындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.

2.  Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Н. Жапаров