Редакцияот 12.03.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2004-жылдын 12-марты ПЖ № 88

Т.К.Касымовду, Б.Талгарбековду, М.Н.Румянцеваны III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо жөнүндө

Республикада жер жана агрардык реформаны жүргүзүүгө кошкон зор салымы үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

 

III даражадагы "Манас" ордени менен:

 

Касымов Тойчубек Касымович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси;

Талгарбеков Бекболот - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жетекчиси - министр;

 

Республиканын кайра иштетүү өнөржайын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн:

 

III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын:

 

Румянцева Маргарита Николаевна - "Бишкек-Сүт" акционердик коомунун башкы директору, Бишкек шаары.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев