Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 5-ноябры ПЖ № 521
Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы ПЖ № 321, 2023-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 173 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын, шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган шаардын биринчи вице-мэринин (вице-мэринин) кызмат орду мыйзамдуу жөнгө салынууга чейин "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шаардын мэринин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордуна ылайык келери;
2) эгерде шаардын мэри тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин дайындалган шаардын иштеп жаткан биринчи вице-мэри (вице-мэри) өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну улантары;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн мурда кадрлар резервине киргизилген адамдар ушул Жарлыкка ылайык түзүлүүчү региондук кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилери.
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлардын региондук резервинде турган адамдар өздөрүнүн арызы боюнча кошумча конкурстан өтпөстөн төмөнкүлөргө киргизилет (жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын региондук резервине алар киргизилген мөөнөткө):
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын кызмат ордуна кадрлардын региондук резервине;
- республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине;