Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 18-ноябры ПЖ № 524

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында көп жылдык жана кынтыксыз кызматы үчүн:

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы ыйгарылсын:

 

Абдылдаев Урак Какеновичке

 

-Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды экспертизалоо жана ишти уюштуруу башкармалыгынын улук прокурору;

 

Акышов Талантбекке

 

-Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ардагери;

 

Касымбеков Таалайбек Макенович

 

-Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүүлөр бөлүмүнүн начальниги;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын

 

Чороев Арстанбек Кудайбергенович

 

-Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын укук коргоо органдары жана контролдоо органдары чөйрөсүндө мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров