Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 539, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 , 2026-жылдын 9-июнундагы № 201 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча анын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
II. Комиссиянын түзүүнүн тартиби жана курамы
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо маселелери боюнча сунуштарды алдын ала кароо жана даярдоо, сыйлоо мыйзамдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, маданият өкүлдөрүнүн жана коомдук ишмерлеринин арасынан түзүлөт.
Комиссиянын курамын түзүүдө гендердик теңдиктин, улуттук курамдын жана региондордун өкүлчүлүктөрүнүн маселелери эске алынышы керек.
Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, жооптуу катчыдан жана сегиз мүчөдөн турат. Комиссиянын төрагасы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 539, 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
4. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
5. Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын курамынан каалаган убакта чыга алат. Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын курамынан чыккан учурда жаны мүчөсү ушул Жобонун 3-пунктунун экинчи абзацынын ченемдеринин талаптарын эске алуу менен дайындалат.
6. Комиссиянын мүчөлөрү, Комиссиянын жыйналышын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө маалымат купуя болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга жатпайт.
III. Комиссиянын ыйгарым укуктары
7. Комиссия төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга сунуштамаларды карайт жана баа берет жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;