Редакцияот 30.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2021-жылдын 30-декабры ПЖ № 582

С.Ю. Глазьевди "Данакер" ордени менен cыйлoo жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине интеграциялануусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Сергей Юрьевич Глазьев "Данакер" ордени менен сыйлансын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров