Загрузка документа…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 82, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2023-жылдын 4-декабрындагы № 632, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйым маркаларын сатып алуу жана колдонуу тартибин аныктайт.
Ушул Жобонун максаттарында төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) импорттоочу - Кыргыз Республикасынын аймагына маркалануучу продукцияны ташып киргизген салык төлөөчү;
2) ыйгарым укуктуу банк - ыйгарым укуктуу салык органы менен тейлөөгө келишим түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк;
3) маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн акциздик товарлар (ТЭИ ТН коду 220430 жүзүм суслодон тышкары) жана ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позицияларында классификациялануучу битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майлар, башка майлар, майлоочу майларга кошумдар, ошондой эле ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит;
4) акциздик марканын номиналдык наркы - ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатуу учурунда акциздик марканын сатылуучу баасы;
5) тамеки буюмдарынын маркалары (аталышы) - жекече белгилениши (аталышы), рецептурасы, өлчөмү, чыпкасынын болушу же болбошу, ошондой эле өндүрүүчүлөр тарабынан белгиленген башка керектөө сапаттары сыяктуу бир же бир нече белгилери менен башка маркалардан айырмаланган тамеки буюмдарынын ассортименттик позициясы;
6) электрондук-маалыматтык элемент - электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу, аныктыгынын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды өзүндө алып жүрүүчү, ошондой эле салык органдарына жыйымдарды чогултууга, эсептик контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун башка маалыматтарды алып жүрүүчү акциздик маркадагы элемент;
7) салык кызматынын органы - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары.
8) банктык кепилдик - бул салык төлөөчү акциздик салыкты акциздик маркаларды алууга өтүнмө берген күндөн тартып 40 календардык күнгө чейин, бирок отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөбөгөн учурда акциздик салыктын өлчөмүндөгү милдеттенменин салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепил катары чыккан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
9) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү, чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы бирлигинин Бажы кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2023-жылдын 4-декабрындагы № 632, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик марка менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле акциздик маркасы жок маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга тыюу салынат.