Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 11-майы ПЖ № 148
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка
аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат
каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын
аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385, 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын айырмалоочу белгилеринин жана фурнитурасынын сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
4) бул Жарлык колдонулуучу мамлекеттик органдардын (аскердик түзүлүштөрдүн) тизмеги 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- аскердик кийим формасын кийүү жана айырмалоочу белгилерди тагынуу укугу менен запаска же отставкага бошотулган контракттык кызматтын офицерлеринин, прапорщиктеринин жана аскер кызматчыларынын кийим формасы жана айырмалоочу белгилеринен тышкары, аскер кызматчы болуп саналбаган адамдардын кийим формасы жана айырмалоочу белгилери аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасына жана айырмалоочу белгилерине, ошондой эле алар менен ажырата алгыс деңгээлге чейин окшош болбошу керек;
- аскер кызматчылар запастар толук пайдаланылганга жана жаңыдан белгиленген аскердик кийим формасына акырындык менен өткөнгө чейин эски үлгүдөгү аскердик кийим формасын кийүүгө жана айырмалоочу белгилерди тагынууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.