Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы ПЖ № 146 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 364 , 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161, 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын (мындан ары - "Эл үмүтү" стипендиясы) ыйгаруу тартибин, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары - Республикалык комиссия) ыйгарым укуктарын, ошондой эле тышкы операторлордун ишин аныктайт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 161 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. «Эл үмүтү» стипендиясы Кыргыз Республикасынын эң таланттуу жаштарына чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында (мындан ары – билим берүү уюмдары) магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде жана талапкер окууга тапшырган учурда QS World University Rankings жана/же Times Higher Education тарабынан түзүлгөн дүйнөлүк рейтингдердин топ-100үнө кирген билим берүү программалары боюнча билим алууга көмөк көрсөтүүгө багытталат.
Тиешелүү даярдоо багыты боюнча көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарына кабыл алынган талапкерлер окуу наркын толугу менен же жарым-жартылай жапкан стипендия алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 176 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. "Эл үмүтү" стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.
3. "Эл үмүтү" стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн кыйла таланттуу жаштарга ыйгарылат.
4. Жыл сайын 50 "Эл үмүтү" стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10 стипендия.
2. Республикалык комиссиянын ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу
5. Республикалык комиссия "Эл үмүтү" стипендиясын дайындоо үчүн талапкерлерди тандоону ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүргүзөт.
Республикалык комиссиянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү.
6. Республикалык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
7. Республикалык комиссия:
- "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча тышкы операторлорду аныктайт;
- өлкөнүн региондору боюнча квоталарды аныктайт;
- зарыл болгон учурда стипендиаттарды тандоо жана чет өлкөдө окутуу менен байланышкан айрым маселелерди изилдөө үчүн жумушчу комиссияларды түзөт;
- "Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлер берген документтерди карайт;
- чет өлкөдө окууга талапкерлерди тандайт;
- конкурска катышууга уруксат берилген талапкерлер менен аңгемелешүүлөрдү жүргүзөт;