Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) аттестациядан өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кызматчылар ээлеген кызмат ордуна ылайык келишин, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоо максатында аттестациядан өткөрүлөт.
Аттестация кызматчынын кесиптик билимин жана көндүмдөрүн аныктоонун, анын кесиптик өнүгүүсүнө дем берүүнүн, мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында анын ишинин натыйжалуулугун аныктоонун формасы болуп саналат.
Кызматчыларды аттестациялоо төмөнкү принциптерде жүргүзүлөт:
- объективдүүлүк;
- бир түрдүүлүк;
- ачыктык;
- мыйзамдуулук;
- туруктуулук.
3. Аттестация туруктуу негизде, бирок эки жылда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.
4. Кезексиз аттестацияны өткөрүүгө жол берилбейт.
5. Аттестация менен мамлекеттик органды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу мөөнөтү менен дал келген учурда аттестация кайра уюштуруу жүргүзүлгөндөн кийин өткөрүлөт.