Редакцияот 06.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 6-июну ПЖ № 175

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

XXIV жайкы Сурдлимпиада оюндарында ийгиликке жетишкендиги, Кыргыз Республикасынын Сурдлимпиада боюнча улуттук курама командасынын спортчуларын тарбиялоого кошкон олуттуу салымы үчүн:

 

"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ыйгарылсын

 

Ушуров Фархад Аблимижитовичке

 

-       Бишкек шаарынын Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын

 

Акопян Арам Яникович

 

-       Бишкек шаарынын Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 10-июнундагы № 51 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н.Жапаров