Редакцияот 07.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы

 

2018-жылдын 7-декабры № 8

Сапар чыгымына акча каражаты жетишпегендигине байланыштуу акча бөлүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Код №70111 аппараттын 3111 беренесинен 100000 сом кыскартылсын.

Код №70111 аппараттын 2211 беренесинен 100000 сом кошуп берилсин.

2. Ажыратылган акча каражатын которуу жагы ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дооранбек уулуна жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Мамырбеков