Редакцияот 11.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 10-кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 11-декабры №10/3

Кара-Суу айыл аймагына жаңы бала-бакча курууга жер аянтын аныктап берүү жөнүндө

Кара-Суу аймагынын айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 10-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын 60 сотых жер аянты бала-бакча курууга бөлүнүп берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Ш. Кабаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Ж. Иманкулов