Редакцияот 02.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 4-кезектүү сессиясы

 

2019-жылдын 2-апрели № 6

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал башына чыккан тарифин бекитүү жөнүндө

Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019 - жыл үчүн мал башына чыккан бир жылдык тарифин бекитүү максатында , айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019 - жыл үчүн мал башына чыккан бир жылдык тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин :

1. ири мүйүздүү мал ( уй,топоз) – 45-00 сом

2. жылкы – 45-00 сом

3. кой-эчки – 9-00 сом

4. жаш бодо мал – 31-00 сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов