Редакцияот 07.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 07-июну № 1

Жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекитилген Жобого ылайык « Кыргызмамжердолбоор » мамлекеттик долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Казыбек айыл өкмөтүнүн инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесинин негизинде , айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 25.06.2018-жылдагы № 55 буйругу менен түзүлгөн жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 6-июнь 2019-жылдагы Актысы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын

 

Төрага

Д. Кайыпов