Редакцияот 14.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

 

2019-жылдын 14-марты № 3

Муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатындагы сунушунун негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишкана түзүлсүн.

2. Муниципалдык ишкананын атын коюу менен иш кагаздарын даярдоо жана юстициядан өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. М. Мурзаматов