Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 19-7
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы айылдарда “Айылдарды өнүктүрүү коомдук уюмдарын” түзүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы айылдарда “Айылдарды өнүктүрүү коомдук уюмдарын” түзүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы айылдарда“Айылдарды өнүктүрүү коомдук уюмдары” түзүлсүн.
2. Тийиштүү иш-кагаздары даядоо, катоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |