Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № XIX-2
Гулистан айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн биргелешкен аракет планын бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүндө 2017-жылдан баштап Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору иштей баштады. Бул долбоордун алкагында, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 94-б буйругунун негизинде айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана артыкчылык берилгендерине 2019-2020-жылдарга биргелешкен аракеттер планына киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Айыл өкмөту тарабынан жумушчу топтун жергиликтүү жамааттар менен биргеликте иштеп чыккан бииргелешкен аракеттер планын (БАП) бекитип берүү сунушталган.
Гулистан айылдык Кеңеши 2019-2020-жылдарга түзүлгөн биргелешкен аракеттер планын (БАП)ты көрүп чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумушчу топтун жергиликтүү жамааттар менен биргеликте иштеп чыккан 2019-2020-жылдарга биргелешкен аракеттер планы (БАП) бекитилсин.
2. Биргелешкен аракеттер планы (БАП) Гулистан айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бир бөлүгү болуп киритилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл Кеңешинин бюджет жана эконмика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | И. Ташматов |
БЕКИТЕМИН:
Гулистан айылдык кеңешинин
төрагасы: _____________ И. Ташматов
Жергиликтуу жамаат менен Гулистан айыл аймагынын ЖОБ органдарынын 2019-2020 жылдар мезгилине
БИРГЕЛЕШКЕН АРЕКЕТТЕР ПЛАНЫ
Багыты: Билим берүү
1 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Бала бакчанын жоктугу (мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттардын жоктугу).
Фрунзе айылында мектепке чейинки жаштагы балдардын саны 3000 жакын. Айылда 90 орундуу бир бала бакчада 120 бала тарбияланууда. Бул дегени айылга дагы орточо 9-10 бала бакча куруу керек. Мектепке чейинки билим берүү төмөндөп кеткен. Иштеп жаткан «Гүл бакча» балдар бакчасын дагы шарты канаатандырарлуу эмес. Бул бакчага беседкалар, кошумча кабинеттер, азык түлүк сактоочу жай, кир жуучу каана, ж.б. жетишпейт.
Гулистан айылында мектепке чейинки жаштагы балдардын саны 1000 жакын. Айылда 120 орундуу бир бала бакчада 150 бала тарбияланууда. Бул дегени айылга дагы орточо 5-6 бала бакча куруу керек. Мектепке чейинки билим берүү төмөндөп кеткен. Иштеп жаткан «Теремок» балдар бакчасын дагы шарты канаатандырарлуу эмес. Бул бакчанын чатырын алмаштыруу, кошумча имараттар салынышы керек.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 6000 жакын адам (анын ичинен 1200 аял, 800 жаш балдар ), «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 1000 адам (анын ичинен 280 аялдар, 200 жаш балдар).
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан айыл аймагындагы Фрунзе жана Гулистан айылындагы мектепке чейинки жаштагы балдардын билимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
| 1-тапшырма Жумушчу топ менен биргеликте Фрунзе жана Гулистан айылдарында бирден бала бакча имаратын куруу үчүн: - Райархитектуранын корутундусу - Дефекттик акт, курулуш сметасы, ж.б. | Фрунзе Гулистан
| Октябрь 2019-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысы - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери - Жамааттардын лидерлери | Райархитектурадан корутунду, дефекттик акт, смета даярдалып, курулушка уруксат берилди.
| 2 -курулушка уруксат берүүчү корутунду,2- дефектик акт, 2 -курулуш сметасы. |
2-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарында бала бакча куруу учун жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (Спонсорлорду изилдөө, донорлдук уюмдар, марофон, ашар, жеке ишкерлер ж.б.) | Фрунзе
| Ноябрь 2019-ж. | 10 миң |
|
|
| 2020-ж. жергиликтуу бюджеттен 3000 миң. сом бөлүндү. АРИС, ПРООН, ж.б. уюмдарга проекттер даярдардалды. - Спонсорлор 4 кайрылуу жолдонду; - Айыл аймактын деңгээлинде марафон өттү. | Жергиликтүү бюджеттен ажыратылган 3 млн сом акча. Эл аралык донордук уюмдарга 2 долбоор даярдалды Спонсорлого жасалган кайрылуулар. 2 жолу марафон өттү | |||
3-тапшырма Фрунзе жана Гулистан айылдарында 200 орундуу 2 бала бакчанын курулушу
| Фрунзе Гулистан
| Апрель – Август 2020-ж.
| 2000 миң | 5000 миң | 500 миң | 15000 миң (Эл аралык денгээлдеги спонсорлор) | - Гулистан айыл аймагынын Фрунзе жана Гулистан айылдарында бирден 200 орундуу балдар бакчасы курулду. Балдар бакчалары бардык талаптарга жооп берет. | Курулуп пайдаланууга тапшырылган 2 бала бакча | |||
4-тапшырма. Балдар бакчаларын курулгандыгы боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Элдик жыйындар өткөрүү - Видео тасмалар тартып, элдерге таратуу - Жергиликтүү газетадан маалымат берүү - Маалымат тактачалары аркылуу. | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым | 20 миң |
|
|
| - Айылдарда 2 жолу жыйындар өткөрүлдү. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. - Интернет аркылуу кылынган иштер жөнүндө видео маалымат таратылды. | Өткөрүлгөн 2 жыйын Райондук газетага 2 статья. АӨ сайты аркылуу 4 жолу берилген маалымат. | |||
Багыты: Билим берүү
2 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Мектептердин начар абалы (мектептеги билим берүү үчүн шарттардын жетишсиздиги, мектептердин жетишсиздиги).
Фрунзе айылында жайгашкан 700 орундуу «Р. Хужамов» атындагы орто мектебинде 2300 дөн артык бала окуйт. Айрыкча башталгыч класстарда абал начар. 2018-2019-окуу жылында биринчи класстарда 9 класс ачылыптыр. Ар бир класста 40 ашык бала окуйт экен. Мындай шартта билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетет.Тез арада бул көйгөй чечилиши керек. Башталгыч класстар үчүн кошумча корпус курулушу керек. Айылдын «Вахим», «Коён таала», участкасында мектеп курулган эмес. Бул участканын балдары «Р. Хужамов» мектебине катташат. Бул участкага тез мектеп куруу зарыл.
Гулистан айылында жайгашкан 400 орундуу «Гафур Гулям» атындагы орто мектебинде 900 дөн артык бала окуйт. Айрыкча башталгыч класстарда абал начар. Мектептин эски корпусунда башталгыч класстын окуучулары окуйт. Бул имарат ашар жолу менен 1950-жылдарда курулган, ӨКМ өкулдөрү келип мектепти авариялык абалда экендигин белгилеп, бала окутууга тыйуу салган. Бирок мектеп жоктугунан сабактар өтүлүп жатат. Башталгыч класстарда окуучулар саны көп, эски мектептеги шарттар керектүү билим берүүгө жарабайт. Мындай шартта билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетет.Тез арада бул көйгөй чечилиши керек. Башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп имараты курулушу керек.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 10000 жакын адам (анын ичинен 2600 аял, 1000 жаш балдар ), «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 2000 адам (анын ичинен 450 аялдар, 300 жаш балдар).
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан айыл аймагындагы Фрунзе жана Гулистан айылындагы мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алуусуна көмөк көрсөтүү.
| 1-тапшырма Жумушчу топ менен биргеликте Фрунзе жана Гулистан айылдарында бирден жаңы мектеп куруу үчүн: - Райархитектуранын корутундусу - Дефекттик акт, курулуш сметасы, ж.б. | Фрунзе Гулистан
| Октябрь 2019-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысы - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери - Жамааттардын лидерлери | Райархитектурадан корутунду, дефекттик акт, смета даярдалып, курулушка уруксат берилди.
| 2 -курулушка уруксат берүүч корутунду,2- дефектик акт, 2 -курулуш сметасы. |
2-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарында мектеп куруу учун жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (Спонсорлорду изилдөө, донорлдук уюмдар, марофон, ашар, жеке ишкерлер ж.б.) | Фрунзе
| Ноябрь 2019-ж. | 20 миң |
|
|
| 2020-ж. жергиликтуу бюджеттен 3000 миң. сом бөлүндү. Спонсорлорго 4 кайрылуу жолдонду; - Айыл аймактын деңгээлинде марафон өттү. | Жергиликтүү бюджеттен ажыратылган 3 млн сом акча. Спонсорлого жасалган кайрылуулар. 2 жолу марафон өттү | |||
3-тапшырма Фрунзе айылына 400 орундуу, Гулистан айылына 300 орундуу мектептердин курулушу
| Фрунзе Гулистан
| Март – Август 2020-ж.
| 3000 миң |
| 1000 миң | 25000 миң (Эл аралык денгээлдеги спонсорлор) | Фрунзе айылына 400 орундуу, Гулистан айылына 300 орундуу мектептер курулду. Мектептер бардык талаптарга жооп берет. | 2 заманбап мектептин имараты | |||
4-тапшырма. Мектептер курулгандыгы боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Элдик жыйындар өткөрүү - Видео тасмалар тартып, элдерге таратуу - Жергиликтүү газетадан маалымат берүү - Маалымат тактачалары аркылуу. | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым | 30 миң |
|
|
| - Айылдарда жыйындар өткөрүлдү. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. - Интернет аркылуу кылынган иштер жөнүндө видео маалымат таратылды. | Өткөрүлгөн 2 жыйын Райондук газетага 2 статья. АӨ сайты аркылуу 4 жолу берилген маалымат. Маалымат тактачаларга маалыматтр илинди. | |||
Багыты: Инфраструктура
3 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Ичимдик суунун жетишсиздиги.
Фрунзе айылынын 1200 кожолугу (айрыкча жаңы конуштар) ичимдик сууга муктаж. Айылдын Баймурза ата, Жаңы абад, Тытзар, Бостон участкаларында ичимдик сууну алыстан ташып келишүүдө. Арыктан аккан сууну, кудуктан чыккан грунтовый суулады ичкендигинен ар түрдөгү оорулар көбөйүүдө. Статистикада көрсөтүлүшүнчө Гулистан а\а кудуктан чыккан сууну, арыктан аккан сууну ичүү боюнча районда 1 орунда турат экен, жылына ар түрдүү оорулар 20-30% артууда. Ичимдик сууну 1-2 км алыстыктан ташып ичкен участкалар да бар.
Гулистан айылында союз мезгилде курулган артезиандык скважинадан суу алган суу сактагыч иштеп келүүдө. Бул сактагычтын 250 м3 эки скважинасы бар, алардын бирөөсү иштебейт. Бир суу сактагычтын көлөмү айылдын тургундарына жетишпейт. Айрыкча жаңы конуштарга таза суу жетишсиз. Айрым элдер кудук суунан пайдаланышууда, бул сууну ичкенге жараксыздыгын билсе да, элдер пайдаланышат. Эгерде экинчи скважинаны иштетип, сууну элдерге убагында берип түрүлсө, айыл калкынын таза сууга муктаждыгы чечилет.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын «Фрунзе» айылындагы 7000 жакын адам, «Гулистан» айылынын жашоочулары, жалпысы болуп 1500 адам.
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан АА Фрунзе, Гулистан айылдарынын бардык жашоочуларын 2020-жылда ичимдик сууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
| 1. Көйгөйдү чечүү боюнча жумушчу топ менен таза сууга жетуу боюнча уюштуруу иштерин жургузуу: - Горводоканал жана артезиандык скважиналарды изилдоо боюнча ишканалар менен байланышуу жана анализдоо. - Мыйзамга ылайык керектелуучу келишимдер, иш-кагаздарды жонго салуу. | Фрунзе Гулистан
| Ноябрь 2019-ж. Январь-Февраль 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары - Айыл башчы - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин депутаттары - ДТ лидери - ТСКАКБ мүчөлөрү | -Горводоканал менен анализ жасалып, келишим тузулду - Артезиандык скважиналарды изилдоо боюнча ишканалардын корутундусу берилди. | Түзүлгөн 2 келишим. 2 корутунду. |
2. Койгойдуу чечуу боюнча каржы булактарын изилдоо: - Смета тузуу - Жергиликтуу бюджет боюнча анализ жасоо - Элдин мумкунчулукторун анализдоо (жолугушуу, жыйындар) - Кошумча булактарды табуу (донордук уюмдар, жергиликтуу спонсорлор, марафон, ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Март-Апрель 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - Жергиликтуу бюджет боюнча Айыл Кенешинин токтому кабыл алынды - Донордук уюмдарга проект даярдалды, кайрылуу жасалды. - Элди саалымы боюнча чечим кабыл алынды. | Кабыл алынган 1 токтом. Даярдалган 1 проект | |||
|
| 3. Таза сууну керектуу жерлерге жеткируу: - Фрунзе айылынын Жаңы абад, Тытзар, Бостон участкаларына артезиандык скважиналар куруу (суу насосторун орнотуу, куурлар менен сууну участкадагы көчөлөргө бөлүштүрүү) - Гулистан айылындагы жаны конуштарга суу линияларын суу сактагычтан тартуу | Фрунзе Гулистан
| Май-Август 2020-ж. | 600 миң | 1500 миң | 500 миң |
|
| Сууну жеткируу боюнча курулуш монтаждык иштери аткарылды, Эл таза суу менен камсыз болду. | 10 литр/сек кубатында насостор орнотулду. 500 метр труба орнотулду, 60 суу тутоктору орнотулдуу.
|
4. Жергиликтуу ТСКАКБнун ишин кучотуу: - Мучөлөрун билимин жогорулатуу - Тарифтерди кайра коруп чыгуу - МТБ жакшыртуу | Фрунзе Гулистан
| Ар дайым |
|
|
| 50 мин (ТСКККБ бюджети) | - ТСКАКБ өз милдеттерин так аткарууда | ТСКККБ 2 мүчөсү окуудан өттү. Ичимдик сууга жаңы тариф иштелип чыгылды | |||
5. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды даярдоо жана элге таратуу: - Элдик жыйындар откоруу - Жергиликтуу газетадан маалымат беруу - Маалымат тактачалары аркылуу |
| Ноябрь –Декабрь 2020-ж. | 25 миң |
|
|
| - «Ноокат таны» газетадасында макала чыгарылды. - Айылдарда жыйындар откорулду. - Маалымат тактачаларда малыматтар берилди. АӨ Веб- сайтына маалымат берилди |
3 макала 3 жолу айылдарда жыйын отту 5 маалымат тактачаларга илинди. АӨ Веб-сайтында 1 маалымат берилди |
Багыты: Инфраструктура
4 Көйгөйдүн аталышы жана сүрөттөлүшү: Экологияны сактоо жана таштандыларды алып чыгуу маселеси.
Гулистан айыл аймагы боюнча таштандыларды алып чыгуу маселеси начарлыгынан экология бузулуп жатат. Элдер таштандыларды жолдордун четтерине, арыктардын бойлоруна таштап кетишүүдө. Бул чыгындылардын ичинде ден соолукка зыяндуу нерселер (памперстер, айбандардын өлүктөрү) бар. Ичимдик сууну кээ бир участкалардагы жашоочулар арыктан алышат. Бул көрүнүш аймактын бардык эле участкаларында бар.
Бенефициарлар: Гулистан айыл аймагынын Фрунзе жана Гулистан айылынын жашоочулары ( 3800 жакын үй-бүлө).
|
Максаты
| Тапшырмалар/ Иш-чаралар | Айылдын аталышы | Мөөнөттөр | Каржылоо (сом менен) | Тараптардын катышуусу жана жоопкерчилиги | Күтүлгөн жыйынтык | Индикатор | |||
Жерг.бюдж | донор | элдик салым | башкалар | ||||||||
| Гулистан айыл аймагындагы Фрунзе жана Гулистан айылынын экологиялык абалын жакшыртуу
| 1-тапшырма. Жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте таштандыларды таштоочу жайларды ачууга керектелүүчү иш-кагаздарды даярдоо: - А\Ө токтому - Райархитектуранын корутундусу - Дефекттик акт - Райкомхоз менен келишимдер. | Фрунзе Гулистан
| Январь-Февраль 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| - АӨ башчысынын орун басары, - Айыл башчылар - АӨ ФЭБ башчысы - Айылдык Кеңештин айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү - ДТ лидери - Жамааттардын лидерлери - Райондук коммуналдык чарба ишканасы | А\Ө токтому кабыл алынып, жерлер бөлүндү, Райархитектурадан корутунду, дефекттик акт, смета даярдалды. Райондук коммуналдык чарба ишканасына келишим даярдалды.
| 1 корутунду 1 дефектик акт 1 Райкомхоз менен тузулгон келишим |
2-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарында 30 жерге курула турган таштандыларды таштоочу жайларга жергиликтүү бюджеттен акча каражат кароо - Көйгөйдү чечүү үчүн кошумча булактарды табуу (донорлдук уюмдар, ашар, марофон, жеке ишкерлер ж.б.) | Фрунзе Гулистан
| Март-Апрель 2020-ж. | 20 миң |
|
|
| 2020-жылкы жергиликтүү бюжеттен 500 миң сом акча каражаты болүндү. Айылдарда марафон өткөрүлдү. Жеке ишкерлерге кайрылуулар жасалды. | Бөлүнгөн 500 миң сом акча. 2 жолу марафон өттү. Жеке ишкерлерге 3 жолу кайрылуу жасалды | |||
3-тапшырма. Фрунзе жана Гулистан айылдарына 30 жерге таштандыларды таштоочу жай куруу. Райондук коммуналдык чарба ишканасы менен таштандыларды өз убагында алып кетүү боюнча келишим түзүү. | Фрунзе Гулистан
| Май-Июнь 2020-ж. | 500 миң |
| 100 миң |
| - Гулистан айыл аймагынын Фрунзе жана Гулистан айылдарына таштандыларды таштоочу жайлар курулду. Райондук коммуналдык чарба ишканасы менен таштандыларды өз убагында алып кетүү боюнча келишим түзүлдү. | Орнотул-ган 30 урна Райкомхоз менен 1 келишим түзүлдү. | |||
4-тапшырма. Таштандылар таштоочу жерлер курулуп, экологиялык абалга пайдасы тийгендиги тууралуу жамаатчылыкка маалымат таркатуу: - Элдик жыйындар аркылуу - Жергиликтүү газетадан маалымат берүү. - Маалымат тактачалары аркылуу.
| Фрунзе Гулистан
| Ар дайым | 30 миң |
|
|
| - Айылдарда жыйындар өткөрүлдү. - Маалымат тактача-ларда малыматтар берилди. Мечиттерде имамдар тарабынан тазалык жөнүндө масалалар айтылды - Райондук “Ноокат таңы” газетасында макала басылды. | 2 жолу жыйындар өткөрүлдү 2 жолу маалымат-тар илинди. Газетадан 1 макала чыкты. | |||