Редакцияот 16.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVII сессиясы

 

2019-жылдын 16-августу № 3

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдарга карата бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө

Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдарга карата бюджетинин болжолун бекитүү үчүн сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдарга карата бюджетинин болжолу, 2020-жылга 142083,5 миң сом, 2021-жылга 142445,5 миң сом, 2022-жылга 142705,5 миң сом киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.

2. Сарай айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдарга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолунун расчетторун түзүү ФЭБ башчысы С.Бекмуратовага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э. Арзиев