Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы № 3
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым укуктарды берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Фининсы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөтүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |
| ||||
___ _____________ ______________ Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ТИПТУУ КЕЛИШИМ Келишимдин тараптары 1.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө” Жобонун негизинде болум жетекчиси болуп иштеген Мамасадыков Тологон Жунусович биринчи тараптан жана Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнүн атынан “Масы айыл өкмөтү жөнүндөгү” Жобонун негизинде айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Эшенкулов Жаныбек Турдумаматович экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. 2. Келишимдин шарттары 2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Масы айыл өкмөтүнө оз алдынча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет: 1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө; 10) Башка статистикалык тармактар боюнча тиешелүү отчетторду өз убагында алып райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнө тапшырып турууга милдетүү. “Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”. “2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт. 2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Масы айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат. 2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнөт. 3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери 3.1. Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу: | ||||