Редакцияот 05.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2019-жылдын 05-апрели № 6

Масы айылынын У.Карабаев көчөсүнүн жана Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

Масы айылынынУ.Карабаев көчөсүнүн тургундарынын биз жашаган көчөдөгү көрүстүндүн айланасын тосуу үчүн материал алуу үчүн жардам сураган, Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын сайдан өтүүчү көпүрө курууга материал алып берүүнү сураган арызын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айылынын У.Карабаев көчөсүнүн жана Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын арызы эске алынсын.

2. Масы айылынын У.Карабаев көчөсүнүн тургундарынын биз жашаган көчөдөгү көрүстүндүн айланасын тосууга материал алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом, Кызыл-Кыштак участкасынын тургундарынын сайдан өтүүчү көпүрө курууга материал алуу үчүн 15 000 ( он беш миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берилсин.

3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Калматовго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Нарматов