Редакцияот 17.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

2019-жылдын 17-майы № 5

Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын үстүнөн таштанды таштоо үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Масы айыл аймагында таштанды таштоо үчүн атайын жер ажыратуу жөнүндө айыл өкмөттүн сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын үстүнөн атайын таштанды таштоочу 5.0 га жер тилкеси ажыратылып, трансформациялоо үчүн макулдук берилсин.

2. Трансформациядан өткөрүү үчүн керектүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А. Нарматов